12 май — медайымдардын эл аралык күнү

Новости

Бүгүн, 12 май — медайымдардын эл аралык күнү.

Медайымдардын кесиптик майрамына карата Бишкек шаарынын медайымдары жана акушеркалары “Жашыл мурас” кампаниянын алкагында “Жашыл Кыргызстан” урааны менен Бишкек шаарындагы “Ынтымак” сейил багында көчөт отургузуу иш чарасына катышышты.

Бүткүл Кыргызстан боюнча 6 миңден ашуун бактар жана гүлдөр медициналык мекемелеринин ичине медайымдардын жардымы менен тигилди.

Иш-чарага КР Саламаттык сактоо Министрилигинин, MER долбоорунун, шаардык департаменттердин өкүлдөрү, ошондой эле Бишкек шаарында иштеген медайымдар жана Швейцария медайымдардын ассоциациясынын өкүлү, эл аралык медайымдардын иши боюнча эксперт Розвита Кох катышышты.