Гимн

Герб Ассоциации

I

Байыртадан кесип бар бул жарыкта

Келе жаткан кылымдан кылымга

Ааламдагы ар бир адам билишет

Ал медайым ийне колунда

Кайырма:

Медайымдар

Медайымдар

Башка жолду көздөп издешпейт

Дарыгери менен чогу алга

Дайым даяр дайым жардамга

II

Алар иштейт өз ишине берилип,

Өзүндөгү түйшүктөрүн унутуп;

Күндүр, түндүр кайсыл убак болбосун

Мээрим чачып бейпил тилешип

Кайырма:

III

Бул жарыкта жашап турса адамдар

Болуп келген боло берет дайыма

Жөнөкөй да түйшүктүү да бул кесип

Биз билебиз, жашайт кылымга

Кайырма: