Биздин кайрылууларыбыз көңүл бурулбай калган жок!

Новости

Кыргыз Республикасынын медайымдар адистеринин ассоциациясы КР Башкы прокуратурасына жана КР Билим берүү жана илим министрлигине медициналык айымдардын бир айлык курстары боюнча бир нече кайрылуулардан кийин
КР Билим берүү жана илим министрлигинин 18.04.23-ж. 1987/1 буйругунун негизинде, курамына медайымдар ассоциациянын төрайымы жана ошондой эле медициналык колледждеринин башчылары киргизилип
КР ББжИМ өкүлдөрү менен биргеликте бир айлык «үй медайымдарын»даярдоо курстарын текшерүү иштери башталды. Бул курстар бир айдын ичинде бейтаптарга кам көрүү, кан басымын өлчөө, жаракат алганда биринчи жардам, күйүк, уулануу, кан агуу, ийне саюу, тамчылатуу жана башкаларды үйрөтүп чыгарып жатышкан. Калкыбыз аларды квалификациялуу медайымдардан айырмалай албай ден соолугун ишенип ар кандай инъекцияларды жасашатышы мумкун бул өлүмгө чейин денеге ден соолукка коркунуч келтирет!
Медайым-бул «медайымдык» адистиги боюнча жогорку медайымдык же орто медициналык билими бар адис. Медайымдарды окутуу 3 жылдан 5 жылга чейин. Бүгүнкү күндө өлкөнүн алыскы райондорунда медайым адистери жеткиликтуу, сапаттуу медициналык жардамды берип жатышат!