4-5-Май, 2023-ж. Казакстандын Алма-Ата шаарында неонаталдык медайымдардын эл аралык форуму болуп өттү

Новости

4-5-Май, 2023-ж. Казакстандын Алма-Ата шаарында неонаталдык медайымдардын эл аралык форуму өтүп, анда эне жана баланы коргоо Улуттук борборунун медициналык айымы, КР медайымдар Ассоциациясынын мүчөсү Алияскарова Айнура Джумабековна баяндама жасады.
Өз сөзүндө ал Республикадагы неонаталдык медайымдардын ролу жана балдар стационарларындагы медициналык айымдардын бейтапка багытталган медайымдык камкордугу жөнүндө айтып берди.
Ошондой эле Республикабыздын алыскы райондорунда неонатолог дарыгерлердин жетишсиздигинен улам жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам медайымдар тарабынан өз алдынча көрсөтүлүп жатканын баса белгиледи. Сапар ДССУнун регионалдык бюросунун колдоосу менен болду.