«Жооптуу бол» айлыгынын жыйынтыгы

Новости

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин демелгеси менен февраль айынан баштап республика боюнча эркектер арасында «Жооптуу бол!» айлыгы өткөрүлду. Бул айлыкта чон салым мед айымдар тарабынан болду!

Конкурстун шарттары боюнча, мектеп окуучулары атасын, агасын, таякесин, тайатасын же чоң атасын жергиликтүү саламаттык сактоо уюмуна (ҮМБ/ЖДПБ/ҮДТ/ФАП) кеңеш алуу үчүн алып келиши керек болчу. Ар бир окуучуга «Эскертме» берилген. Бул эскертмеде окуучу жашаган обулус жана окуган мектептин аталышы белгиленген. Бул «Эскертме» кайсыл бир мектептин окуучуларынын жардамы менен жергиликтүү медициналык мекемеге канча эркек келгенин эсептөө үчүн иштелип чыккан.

Конкурстун алкагында 127 миңден ашык эркек медициналык мекемелерге барып, жугуштуу эмес оорулардын тобокел факторлору боюнча кеңештерди алышты.