Нарын медайымдарынын конкурсу

Новости

Нарын шаарында 5-май акушерлердин жана 12-май медайымдардын эл арылык күнү белгиленди.

Иш-чара 10-майда Нарын шаардык маданият үйүнүн залында белгиленип, ага Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев баштаган бийлик өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары катышты.

Алгач Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директору жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин Нарындагы координатору Чынгыз Нарынбеков медайымдарды майрамы менен куттуктап, акыркы эки жылдан бери коронавирус пандемиясынан улам белгиленбей келгенин айтып, пандемияны жеңүүдө зор салым кошкон медайымдарга ыраазычылык билдирди.

Иш-чарага катышкан Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев “Өзүнүн ооруганын сезген адам, ал оорулуу адам, ал эми бирөөнүн оорусун сезген адам бул- чыныгы адам» дегендей мен бүгүн чыныгы адамдардын салтанатына, майрамына катышып отурганыма кубанычтамын,- деп баса белгиледи.

Иш-чарада бир катар медайымдарга, акушерлерге Саламаттыкты сактоо министрлигинин “Ардактуу кызматкери” төш белгилери, “ грамоталары жана Медайымдар ассоциациясынын “Ардактуу медайым” Умай эне” төш белгилери, ардак грамоталары тапшырылды. Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык кеңешинин ардак грамоталары тапшырылды.
Нарын шаарындагы саламаттык сактоо тармагынын медайымдардын катышуусунда конкурс уюштурулуп, өткөрүлдү. Катышуучулар: Жумгал району «Улукман» командасы, НОҮМБнун » Иммунитет» командасы, Кочкор району «Жети Нур» командасы, Ак-Талаа району «Ден соолук периштелер» командасы, Нарын облустук бириктирилген ооруканасы » Green Live» командасы, Ат-Башы району «Жетиген» командасы, НОҮМБнун «Тез жардам» командалары катышты.
Нарын облусунун Ассоциация тарабынан акчалай свйлыктар берилди,

1 орун 10+10= 20 миң сом 2 орун 8 миң сом 3 орунга 6+6=12 миң сом жана эки командага 3 миң сомдон 2 командага 6 миң сом жалпы 46 миң сом. Ар бир конкурсанткага белек 300 сомдон 14 700 сом дон берилди.