«Кыргыз Республикасынын медайымдык иш адистердин ассоцияларын өнүктүрүү» регионалдык семинар

Новости

Бүгүн Ош шаарында медициналык айымдар үчүн өтө маанилүү иш-чара өттү. Алар регионалдык семинарга чогулуп, кесиптик ассоциациялардын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Бул иш-чарага атайын эл аралык жана жергиликтүү адистер чакырылган: Розвита Кох, медайымдык иш боюнча эл аралык эксперт, Асанова Айзат Кубанычбековна, КР медайым иш адистеринин ассоциациясынын төрайымы.

Биздин чакырылган эксперт Розвита Кох катышуучулар менен кесипкөй медайымдык уюмдардын эл аралык тажрыйбасы менен бөлүштү. Катышуучуларга медайымдык практикадагы жаңы ыкмалар жана практикага стандарттуу операциялык жол-жоболорду киргизүү тууралуу маалымат берилди.

Розвита айым лидерлик сапаттарын, ассоциациялардын уюштуруучулук жана финансылык башкаруусун жогорулатуу боюнча тренинг өткөрдү. Андан соң катышуучулар медайымдардын Эл аралык кеңешинин этика кодексинин мисалында медайымдардын кесиптик этикасы менен таанышышты.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө медициналык айымдардын муктаждыктары жана күтүүлөрү талкууланды жана КР медайым иш адистеринин ассоциациясынын мүчөлөрү үчүн кызмат көрсөтүү тизмеси аныкталды.

Семинар суроо-жооп жана жалпы талкуу менен аяктады. Катышуучулар көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алышты.