2024-жылдын 17-майында Жалалабад шаарындагы, Борбор Азия Эл аралык Медициналык Университетинде «ИЛИМ АЧКЫЧЫ» «АЗЫРКЫ ИЛИМДЕГИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ЖАНА САЛАМАТТЫКТЫ САКТООНУ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН НЕГИЗГИ ТЕНДЕНЦИЯЛАРЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ» деген темада VI Эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Новости

Коомдук саламаттыкты сактоонун магистры, Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын башкы медайымы Бактыбаева Салима Элчибековна конференцияга кадырлуу конок катары чакырылган, БАЭМУнин президенти, профессор Арынбаев Жаныбай Токоевичтин кабыл алуусуна катышып, БАЭМУнин президентинин оздук значогун алды.

Салима Элчибековна “Пациенттпрдин ар кандай курактагы топтору менен иштоодо медициналык кызматты уюштуруу жана башкарууну жакшыртуу максатында, медайымдык жардамдын-пациентке багытталган кам коруу моделин колдонуу” илимий доклады менен катышып, I даражадагы дипломго татыктуу болду.