А.Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжи орто кесиптик кадрларды даярдоодо зор салым кошууда.

Новости

Кыргыз Республикасынын эң биринчи медициналык кесиптик окуу жайы болуп эсептелет.

Кадрларды даярдоо 1926-жылы башталган. Ошондон бери колледж миңдеген квалификациялуу медайымдарды жана акушерлерди, фельдшерлерди бүтүрүп, бай тажрыйбаны жана салтты топтоду.

БМК бүтүрүүчүлөрү саламаттыкты сактоо системасында негизги ролду ойноп, өлкөнүн бардык аймактарында иштешет.

2024-жылдын 23-25-майында Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжи Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүү уюмдарынан ( менчик түрүнө карабастан) Билим берүү программаларын жана уюмдарынын аккредитациялоо агенттигинен (ББПУАА) Эл аралык институционалдык жана программалык билим берүү боюнча аккредитациялоодон ийгиликтүү өткөн эң алгачкы окуу жайы болду. Эгерде сиз БМКны бүтүргөн болсоңуз комментарий калтырыңыз