Новости

Кыргызстанда, Чүй облусунун Сокулук районундагы ЖДПБ Жаңы-Жер ҮДТда эмчек жана жатын моюнчасынын рагына каршы инновациялык скрининг программасын ишке ашыруу үчүн аянтча ишин баштады.
Саламаттыкты сактоо министрлиги Эл аралык медициналык гуманитардык Médecins Sans Frontières (MSF) уюму менен биргеликте келерки үч жылда 60 000 аялды текшерүүнү максат кылган эмчек жана жатын моюнчасынын рагын алдын алуу боюнча жаңы программаны ишке киргизди. Бул программа Чүй облусунун Сокулук районунда диагностикага жана дарылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган, ушул жылдын июнь айында Жаңы-Жер ҮДТнун базасында онкологиялык ооруларды скриниг аркылуу текшерүү иштери башталды. «Эмчек рагын жана жатын моюнчасынын рагын эрте аныктоо — алдын алуу иштеринин негизги багыттарынын бири». Бул иш чара Кыргызстандын өлүмгө алып келүүчү ооруну жок кылуу аракетиндеги негизги этап, анткени ал коомдук ден соолукту натыйжалуу скринингден өткөрүүгө көмөктөшөт жана Сокулук районунун чегинен тышкары да алдын алуу масштабын кеңейтүү үчүн үлгү болот». Саламаттыкты сактоо министрлиги менен MSF ортосундагы биргелешкен программасында скринингди, рак орусун амбулатордук дарылоону, ошондой эле жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларды дарылоону жана үй-бүлөнү пландоо боюнча кеңештерди сунуштайт. Айрыкча бейтаптардын аялуу топтору үчүн кеңейтилген изилдөө жана дарылоону камсыз кылуу үчүн Улуттук онкология жана гематология борбору менен өнөктөш болот. Ошондой эле рак оорусун диагностикалоо учурунда ооруга чалдыгып калышы мүмкүн болгон аялдар үчүн психикалык ден-соолук маселелери боюнча кеңештерин берүү жеткиликтүү болот.
Акыркы жумаларда ден соолукту чыңдоо боюнча топтор, райондук саламаттыкты сактоо органдары, ошондой эле айылдык ден соолук комитеттери, программа тууралуу маалымат таратууда жана аялдарды скринингге катталууга үндөшүүдө. Аялдар белгиленген номерге чалып, кабыл алууга жазыла алышат.